• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кант – Ивановка тилкесинде шпалдарды тынымсыз алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант – Ивановка тилкесинде жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарына алмаштыруу боюнча жолду оңдоо иштери тынымсыз уланууда.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, жалпысынан бул тилкеге 4 чакырымга темир-бетон шпалдарын төшөө пландалып, учурда 2 чакырымы төшөлүп бүттү. Жумушка 100дөн ашык темир жолчу жана 3 инженердик техника тартылган.

Иш-чара "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий