• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде адабият күнүнө карата уюштурулган сынакка 70тен ашуун окурман катышты

Аймак 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Баткенде 12-декабрь - Адабият күнүнө карата А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры жана Баткен облустук китепканасы тарабынан китеп окуу сынагы уюштурду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка жалпы 70тен ашуун китеп сүйүүчү жаштар, окуучулар катышты.

Анын ичинен проза жанрындагы Чыңгыз Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы боюнча тестте 48 окурман күч сынашты. Жыйынтыгында Сүлүктү шаарынын мектеп окуучусу Момунова Нуриза 1-орунду ээледи. Ал эми поэзия жанры боюнча көркөм окууга 22 окурман катышып, жыйынтыгында Баткен облустук гимназия жатак мектебинин окуучусу Абдиразак кызы Кулпунай 1-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөргө 1-2-3-даражадагы дипломдор, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 10 томдугу, акын-жазуучулардын адабий китептери ыйгарылды.

Аталган иш чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн, 12-декабрь - адабият күнүнүн урматына жана китепкөй жаштардын катарын көбөйтүү, алардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, шыктандыруу максатында уюштурулду.

Сынактын соңунда А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын артисттери тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган театралдык композиция тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий