• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

19-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-декабрдан 19-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

15-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

16-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-декабрда туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

15-декабрда Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

16-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-16-декабрларда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

17-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

15-16-декабрларда Чолпон-Ата шаарында кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

17-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий