• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

ӨКМ: Сутка ичинде "112" номерине коронавируска байланыштуу 90 чалуу түштү

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" кызматына бир сутка ичинде жалпы 5 миң 490 чалуу болсо, анын ичинен 90 чалуу коронавирус инфекциясына байланыштуу болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле ведомстводон өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат беришти.

Алсак, 2020-жылдын 22-июль күнү өлкө боюнча 217 800 погондук метр унаа жолу, 110 647 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. Министрлик тарабынан жалпы 3 110 адамга ысык тамак-аш берилген.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация пункттарындагы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө министрлик рабынан 350 кызматкер жана 37 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий