• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өкмөт Үйүндө туристтик сезонго карата даярдыктарга арналган маалымат жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө «Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана жайкы туристтик сезонго карата даярдыктар» аталышындагы маалымат жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалымат жыйынга Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, Курорттор Ассоциациясынын Президенти Лира Батырбекова, КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Максат Оморов, КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Тоң району боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Борочоров катышты.

Пикир

Оставить комментарий