• 87
  • 90.59
  • 0.87

Өкмөт: Израилдик лобби компания менен $1 млн келишим түзүлдү деген маалымат жалган

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Маалыматтык порталдардагы «Президент С.Жапаровдун аппаратынын атынан бизнесмен израилдик лоббист менен $1 млн долларга келишим түздү» аттуу жарыялоого тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий билдирет.

Аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын гана эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келээрин белгилеп кетебиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке компаниялардын келишимдерин жөнгө салбайт жана эл аралык аянттарда өз кызыкчылыгын сүрөөгө муктаж эмес, анткени, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык эл аралык уюмдар менен ишенимдүү мамилеге ээ.

Андыктан, аталган маалымат чындыкка жатпайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун ар-намысына шек келтирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалымдагандай, эл аралык инвесторлор менен иш алып баруу боюнча ар кандай чечимдер Кыргыз Республикасынын мамлекетинин жана элинин кызыкчылыгын эске алуу менен гана кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий