Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат:
-2020-жылдын 28-май күнү өлкө боюнча 401 424 погондук метр автоунаа жолдор, 576 100 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган;
-Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат);
- өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок-постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 52 даана бир бөлмөлүү, 7 даана эки бөлмөлүү мобилдик турак үй орноштурулган;
- 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 6120 чалуу катталып, анын ичинен 125 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.
- өлкөдө уюштурулган санитардык карантиндик постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткарууга жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 573 кызматкер жана 47 унаа тартылган.
Пикир
Оставить комментарий