• 87
  • 90.63
  • 0.79

ӨКМ тоодо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти

Коом 0

Бишкек, 01.01.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоодо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти. Анда жаратылышта, бийик тоодо, шар аккан суунун жээктеринде эс алуу учурунда коопсуздукка көңүл буруп, эң жөнөкөй эрежелерге маани берүүгө чакырды.

- Тоо маршрутунун татаал тилкесине даярданбастан, климатына көнбөстөн жүрүшкө эч качан жалгыз чыкпаңыз;

- Кышында тоо-лыжа базаларында тебүү тилкесинин коопсуздугун текшерип алуу оң;

- Тоодогу жагымсыз шарттарда, мисалы, калың кар түшкөндөн 2-3 күн өткөндөн кийин, туманда, төмөнкү температурада, кар көчкү жүрчү аймактарга чыгууга болбойт;

- Аба ырайы бузулганда, караңгыда, кечке жуук жүрүш жасабаңыз. Күндүзгү жөө жүрүштүн негизги бөлүгү эртең менен жасалганы туура;

- Тоо жүрүшүндө спирт ичимдиктерин ичүү ден соолукка зыян экенин эстен чыгарбаңыз;

- Таштары бош ойдуңдардан өйдө-ылдый чыгуудан качыңыз;

- Аскалардын боорунан, муздан өткөндө абайлоо керек;

- Жыгылып калганда, жаракат алганда өзүңүздү-өзүңүз кармап, жардам чакырыңыз;

- Сөзсүз түрдө башты соккудан коргой турган каска, кол жана беткап кийүү зарыл;

- Аскаларды бойлой же таштан-ташка секирбей, акырын түшүңүз;

- Карлуу эңкейиштерден эртең менен өтүү керек;

- Катуу жамгыр, мөңдүр жааса, аба ырайы төмөндөсө тоодогу жүрүштү токтотуу зарыл;

- Эгерде тоодо жүргөндө күн күркүрөсө, темир буюмдарыңыздан, жалгыз дарактан, суу жээгинен алыс болуңуз. Анткени булар чагылганды өзүнө тартарын унутпаңыз.

Пикир

Оставить комментарий