• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, президентинин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Кайрат Иманалиев, бир катар маданият ишмерлери жана маркумдун жакындары катышты.

Белгилей кетсек, Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде катуу оорудан улам 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий