• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына 10 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына 10 млн сомдон ашуун суммага атайын жабдууларды алынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, автоунаа жана тиешелүү техникаларды өткөрүп берүү аземине президенттин өкүлү Канат Жумагазиев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев катышты.

Техникалык жардамдардын арасында "Нива" автоунаасы, мобилдик жылытуу казандары, үйлөмө кайыктар, авариялык жарыктандыруу үчүн жабдуулар, куткаруучу жилеттер, суучулдар комплекттери, байланыш каражаттары, компьютердик техника жана башкалар бар.

Белгиленгендей, жабдуулар Чүй облусунун жана райондук өнүктүрүү фонддору тарабынан, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 10 млн 100 миң сомго сатылып алынды.

Канат Жумагазиевдин айтымында, жабдуулар ӨКМдин жергиликтүү кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жарандардын өмүрүн сактоого жана кырсыктарды алдын алууга өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде министр Бообек Ажикеев президенттин өкүлүнө "өзгөчө кырдаалды жоюуга кошкон салымы үчүн" ведомстволук медалын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий