• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар башталды

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Ош шаарында 20-апрелден тарта жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган рейддер башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал үчүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринен, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо башкармалыгынынан, муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен топ түзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө кечкисин шаардын кесилишинде, көчөлөрдүн жээгинде жана коомдук тамактануу жайларында “Жарамазан” айтып жүргөн өспүрүмдөр менен балдарга да өзгөчө көңүл бурулду.

Рейддик иш-чаранын натыйжасында 25ке жакын бала Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, мындан тышкары 19 өспүрүмгө тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий