• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

ӨКМдин куткаруу отрядында мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күндөрү өттү

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында 5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата мектеп окуучулар үчүн Ачык эшик күнү өттү.

Ведомстводон аалымдашкандай, окуучулар куткаруучулардын авариялык-куткаруу техникалары , суучулдардын жана куткаруучулардын шаймандары менен жакындан таанышып, техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат алышты.

Куткаруучулар окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берип, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар жаралганда коопсуздук эрежелери, эвакуациялоо иштери туурасында кеңири айтып беришти.

Андан соң куткаруучулар тарабынан отряд ичинде экскурсия уюштурулуп, окуучулардын катышуусунда практикалык сабактар өттү.

Пикир

Оставить комментарий