• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КМШ оюндары. Кыргызстандык боксчулар Камилов жана Кылычбеков жарым финалга чыкты

Спорт 0

Минск, 07.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Зафарбек Камилов жана Эмир Кылычбеков КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында жарым финалга чыкты.

Бокс боюнча мелдештер Беларустун Орша шаарында 6-августтан 12-августка чейин өтүп жатат.

48 кг чейинки салмакта Зафарбек Камилов азербайджандын мушкеринин жеңсе, ал эми 57 кг чейинки салмак категориясында Эмир Кылычбеков түркмөн спортчусун утту.

10-августта өтчү жарым финалдык беттеште кыргыз мушкерлери Беларустун спортчулары менен кез келет.

КМШ II оюндарында буга чейин Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасынын мүчөлөрү 1 күмүш жана 5 коло медаль багындырса, оор атлетчи Муратбек Ишенбек уулу коло медалга татыган.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 10 шаарында өтүүдө. Ага спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышып жатат.

КМШ оюндарында Кыргызстандын намысын 17 спорттун түрүнөн (грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика, жаа атуу, гандбол, баскетбол 3х3, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, самбо, тайбокс, заманбап спорттун беш түрү, көркөм гимнастика, мини футбол, каратэ-до, сууда сүзүү) 200дөн ашуун спортчу коргоп жатат.

Мелдеш Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий