Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясынын алкагында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференция өттү.
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда КМШ ПААга мүчө-мамлекеттердин парламент башчылары сөз сүйлөштү.
Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова бул конференцияны Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында өткөрүү маанилүү окуя экенин белгиледи. “Беларустар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жогору баалашат, көптөгөн китептер беларусь тилине которулган. Жазуучу көтөргөн темалар бүгүнкү күндө да актуалдуу. Айтматов евразиялык маданияттын классиги, улуттук баалуулуктарды сактоо жөнүндө биринчи жолу айткан адам деп ишенимдүү айта алам. Азыркы муундун моралдык милдети – улуу жазуучунун осуяттарын аткаруу, жаратман күчтүн маңызын түшүнүү”, - деп баса белгиледи Наталья Кочанова.
Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев быйыл Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгиленип жатканын баса белгиледи. “Айтматов – дүйнөлүк адабияттын феномени, анын чыгармалары манифест. Анын чыгармаларында аялдардын образдары өзгөчө орунду ээлеп, жалпы адамзаттык баалуулуктарды жазган. Анын бардык китептери коомдун курч философиялык жана этикалык көйгөйлөрүн көтөрүп, көптөгөн муундар үчүн адеп-ахлактык жол көрсөтүүчү болуп саналат”, - деп белгиледи Маулен Ашимбаев.
Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали көрүнүктүү жазуучу жана новатор Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө кеңири таанымал болгонун айтты. Ал белгилегендей, Ч.Айтматов дүйнө жүзү боюнча таанылган. “Жазуучунун чыгармалары тажик тилине которулган. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле Тажикстанда да Айтматовдун чыгармалары өзгөчө бааланат, залкар калемгер Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон», - деди Рустами Эмомали.
Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Айтматов кыргыз элинин руханий паспорту болуп, улуттук маданиятты дүйнөлүк деңгээлге чыгарганын кошумчалады. “Айтматов - В.Шекспир менен Л.Толстойдон кийинки эле дүйнөдөгү эң көп окулган чыгармалардын автору деп саналат. Анын китептери 830 жолу басылып чыккан. Алп адабиятчынын элеси китептеринде жана ар бир окурмандын жүрөгүндө жашай берет. Айтматов биздин өлкөлөрдүн ортосундагы тынчтыкты сактоо ишине татыктуу салым кошкон, биз эл өкүлдөрү, улуу Айтматов өзү да жолдогон кайрымдуулук, тынчтык, достук идеяларын жайылтууга милдеттүүбүз”, - деди Танзила Нарбаева.
Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк жана улуттук адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошконун, көзү тирүүсүндө эле ал цитата келтирилүүчү классикке айланганын баса белгиледи. “Айтматов жакшылык жөнүндө жазган, улуттун өзгөчөлүгүн бузууга каршы турган. Жазуучунун чыгармачылыгы Арменияда белгилүү, анын бардык чыгармалары армян тилине которулган. Ал гуманизмди үгүттөгөн жана адамдын жана адамзаттын негизги максаты “өз ичиндеги жамандыкты жеңүү” экендигине чын жүрөктөн ишенген”, - деп жыйынтыктады өз сөзүн Рубен Рубинян.
Пикир
Оставить комментарий