• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КМШ оюндары: Эркин күрөш боюнча балбан Абдымалик Карачов жарым финалга чыкты

Спорт 0

Солигорск, 09.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачов КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында жарым финалга чыкты.

Спортчу 61 кг чейинки салмак категориясында катышып жатат.

Кыргыз балбаны мелдештин 4/1 финалында өзбекстандык спортчуну 7:4 эсебинде жеңди. Жарым финалда Абдымалик Карачов россиялык балбан Александр Сабанов менен кез келет.

Мелдештер бүгүн, 9-августа Беларустун Солигорск шаарында өтүп жатат.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий