• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0


Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. 10-16-март күндөрү Бишкек шаарында үчүнчү дивизиондун ("А" тайпасы) командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, жеңиш үчүн алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күрөшөт.

Бул беттештерде Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн күч сынашат. Командалар бири-бири менен бир айлампада ойношот.

Кыргызстандын хоккейчилер командасы беттеше турган күндөр:

  • Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;
  • Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;
  • Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;
  • Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;
  • Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-март, саат 20:00.

Оюндар "Бишкек Арена" шаардык муз аянтчасында өткөрүлөт. Дареги: Виноградная көчөсү 1/3.

Пикир

Оставить комментарий