• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ТИМ: Сергиев Посад шаарындагы жарылууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-августта Россиянын Сергиев Посад шаарындагы оптикалык өнөр жай ишканасында болгон жарылууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык оптикалык өнөр жай ишканасында болгон.

"Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынан алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Учурда жардыруу болгон жерде ыкчам кызматтар өрттү өчүрүүдө. Министрлик кырдаалга байкоо жүргүзүүнү улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, россиялык басылмалардын маалыматына караганда, бүгүн эртең менен Загорск оптикалык-механикалык заводунун аймагындагы жеке компания ижарага алган пиротехникалык кампада жарылуу болгон.

Жабыркагандардын саны 45ке жеткенин Сергиев Посад шаардык округунун администрациясынын Telegram каналы билдирди.

Пикир

Оставить комментарий