• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

КМТУнун илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү С.Абдрахмановдун ысымы ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Металлдардын эс тутуму » илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү физика-математика илиминин доктору, аталган университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди. Ага байланыштуу кечээ Техникалык университетте салтанатту иш-чара болуп өттү. Ага университеттин жетекчилиги, кесиптештери, окуучулары жана С.Абдрахмановдун жакын туугандары катышты.

«Металлдардын эс тутуму» илимий-изилдөө лабораториясы эс тутуму бар материалдардын теориясын жана аны эсептөө методикаларын изилдөө боюнча Кыргыз Республикасындагы алгачкы жана жалгыз илимий борбор болуп эсептелет. Бул лабораторияны С.Абдрахманов өмүрүнүн акырына чейин жетектеп келген. Ал 2017-жылдын 29-декабрында узакка созулбаган оорудан кийин кайтыш болгон.

«Ал киши баштаган илим Кыргызстанда гана эмес, КМШ чөлкөмүнда да жакшы изилдене элек эле. Дүйнө жүзүндө Америкада гана бир жерде ушул багытта иштер жүргүзүлүп жатыптыр. Ал ушул тууралуу акыркы күндөрүндө маектешип жатканыбызда айтып берген эле. Ал адам катары да адилеттүү, акылман, сабырдуу киши болчу. Педагог катары да эң кыйын, оор темаларды балдарга жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берчи. Ал кишинин университеттин өнүгүүсүнө кылган эмгегин баалап, ал өзү негиздеген лабораторияга ысымын берели деген чечим чыгардык”, - деди И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин ректору Мураталы Жаманбаев.

Сарбагыш Абдрахманов 1943-жылы 12-январда Ысык-Көл облусунун Темир айылында төрөлгөн.

С.Абдрахманов катуу нерселердин майышуу механикасы, материалдардын каршылыгы, бекемдик жана ийкемсиздик, машина куруудагы конструкцияларды эсептөө боюнча белгилүү адис болгон. Көптөгөн илимий эмгектердин автору.

Илимдеги жетишкендиктери үчүн ал 1996-жылы Илим, Билим, Индустрия жана Искусство Эл аралык академиясынын (Калифорния, AKШ) академиги болуп шайланган. 1999-жылы ал КРдын Инженердик академиянын академиги, ал эми 2000-жылы Эл аралык Инженердик академиянын академиги болуп шайланган. 2014-жылы ал “Даңк” медалы менен сыйланган.

Инженердик билим берүүнү өркүндөтүүдөгү чоң эмгеги үчүн 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттин Жарлыгы боюнча «Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген ардактуу кызматкер» деген наам берилген. 2005-жылы болсо ал Кембридж университетинин биографиялык борборунун “Дүйнөнүн алдыңкы мугалимдери” деген номинациясындагы эксклюзивдик тизмекке киргизилген.

Ал иштеп чыккан эс тутуму бар материалдардын майышуу теориясы дүйнө жүзүндө таанылган. Маселен, анын илимий ачылыштары төрт томдуктан турган Бүткүл орусиялык маалымдама колдонмосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий