• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Коңшу өлкөлөрдүн президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу

“Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында боордош Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүдө, демократиялык негиздерди бекемдөөдө жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууда чоң ийгиликтерди көрсөтүү менен гүлдөгөн мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат.

Сиздин жеке аракеттериңиздин аркасында Кыргызстан инклюзивдик кызматташтыкты жана жалпы туруктуу өнүгүү жана прогресс кызыкчылыгында маанилүү демилгелерди жигердүү илгерилетүү менен өзүнүн эл аралык аброюн ырааттуу жогорулатып келет.

Көп кылымдык бузулгус достуктун, ынак коңшулук жана өз ара колдоонун духунда өнүгүп келе жаткан казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин ар тараптан тереңдетүү ишине Сиздин кошкон олуттуу салымыңызды өзгөчө белгилеп кетким келет.

Бул жылы кол коюлган Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Союздаш мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн узак мөөнөттүү өз ара аракеттенүүгө багытталган биздин тыгыз мамилелерибиздин жаңы этабын белгиледи.

Биргелешкен аракеттердин аркасында биз эки тараптуу деңгээлде да, регионалдык кооперациянын алкагында да казак-кыргыз көп кырдуу мамлекеттер аралык байланыштардын горизонтторун дагы да кеңейте аларыбызга ишенем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, ушул маанилүү күнү Сизге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу

“Сиздин элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана бакубаттуулугун камсыз кылуу, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн мындан ары жогорулатуу боюнча жигердүү аракеттериңиз өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Акыркы жылдары биз күчтүү саясий эркибиздин аркасында тарыхый дос мамлекеттерибиздин ортосундагы көп кылымдык боордоштук байланыштарды ар тараптуу чыңдап, өз ара пайдалуу мамилелерибизди баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрдүк. Ушуга байланыштуу тыгыз боордоштук, өз ара сапарлар жана жогорку деңгээлдеги диалогду активдештирүү, ошондой эле жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген маанилүү макулдашуулар биздин элдердин жалпы кызыкчылыктарына кызмат кылаарын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Биз белгилеген чоң пландар жана басып өтчү жолдор, башталган ири регионалдык инфраструктуралык долбоорлор биргелешкен аракеттер менен ийгиликтүү ишке ашырылат деп ишенем.

Жогорку урматтоо жана ишеним, өз ара колдоо принциптерине негизделген биздин көп пландуу жана узак мөөнөттүү мамилелер мындан ары да бекемделе берет деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизди дагы бир жолу чын дилимден ушул кубанычтуу күн менен куттуктайм. Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишиңизде жаңы жеңиштерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу

“Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана эл аралык аренада өзүнүн аброюн бекемдөөдө жаңы ийгиликтерди жаратып, алдыга жигердүү кадам шилтеп жатканы анык.

Биздин мамлекеттер ортосундагы тарыхый салттарга негизделген достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө Сиздин туруктуу багытыңызды жогору баалайбыз.

Биргелешкен аракеттердин аркасында эки өлкөнүн өз ара мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык бекемделип жана тереңдей берет деп ишенем.

Бул салтанаттуу күнү сизге чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине - тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий