Коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерге 20 жыл. Садыр Жапаров Эмомали Рахмонду куттуктады

Президент 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго эки өлкөнүн ортосундагы ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдык юбилейи менен куттуктайм.

Өз ара урмат-сыйдын, ишенимдин, ынтымактын жана тең укуктуулуктун негизинде ынак коңшулук мамилелерин чыңдоо эки тараптуу көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн зарыл негиз болуп саналат жана биздин элдерибиздин түпкү таламдарына жооп берет деп терең ишенем.

Жетишилген натыйжаларга таянып, биргелешкен күч-аракеттерибиз менен Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да бекемдөөнү камсыздай алабыз деп ишенем.

Сизге, урматтуу Эмомали Шарипович, бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Тажикстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий