• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кочкор-Атада маморгандар тарабынан 600 жер тилкеси мыйзамсыз берилген

Аймак 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан 600 жер тилкеси мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жеке турак жай куруу үчүн 600дөн ашуун жер тилкесин берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын жана Э.Алиев а/а балансында турган 80 гектар жер тилкесин өткөрүп берүүдө трансформацияланган эмес. Ал эми аталган бир жер тилкесинин баасы учурда 400 миң сомдон 1 млн сомго чейин жетет.

Тактап айтканда, Ноокен районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу адамдары Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттары менен сүйлөшүп алып, 2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз жер тилкелерин жана кызыктар жактарга укук берүүчү документтерди берип келишкен. Жогорудагы жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлер категориясына кирери жана жеке турак жай курууга арналбаганы аныкталган.

Мындан улам, аталган фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында

2024-жылдын 13-июлунда Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы О.А., Ноокен райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин адистери жана жетекчиси М.Ж., С. Б., О.Д., Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы Ш.А., Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин мурдагы депутаты – жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Д.Б. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар башка кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий