• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Оштун мэри Сарыбашов биринчи жолу таза суу чыгарылган жаңы конушка барды

Аймак 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын 218-кврталындагы жаңы конуштун жашоочулары менен жолугуп, таза суу чыгаруу боюнча бүткөн долбоорду жеринен көрүп келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Калаа башчысы жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, жеринде тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов долбоор боюнча жаңы конуштун негизги көчөлөрүндө жалпы 8 суу түтүкчөсүндө суу чыгарылганын айтты. Өз билемдик менен короосуна суу тартып алгандар мыйзам чегинде жооп бере тургандыгын баса белгиледи.

“Бул жаңы конушка биринчи жолу 5 чакырымдан таза суу тартылып, алынып келинди. Долбоор боюнча сегиз жерге суу түтүкчөсү коюлду. Бирок бул убактылуу мүчүлүштүктөр. Жаңы суу кампалары бүтсө толук кандуу таза суу менен камсыздоо болот. Ал эми азыр ар бир үйгө таза суу тартууга азырынча мүмкүн эмес. Анткени суунун басымы аз. Түшүнүү менен кабыл алып, болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп туралы. Суу чыгарылгандан кийин да көйгөй болгондуктан, өзүм келип көрүп, маселени чечүүнү туура көрдүм. Бул жаңы конуштардын маселеси бир күндө чечилип кетпейт. Бир четинен аракеттер көрүлөт”, - деди Сарыбашов.

Жашоочулар тарабынан жол, жарыктандыруу, электр мамычасы, бала бакча жана коомдук каттамдар туурасында көйгөйлөр айтылды. Калаа башчысы 218-кварталдын айрым көчөсү жарыктандырыла турганын, электр мамычалары боюнча да маселелер каралаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий