Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-курулуш департаментинин Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мектеп курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар парталында жарыялангандай, мектепти Кочкор районундагы Кара-Суу айылында куруу пландалууда.
Мектеп 375 окуучулук орунга ылайыкташтырылып курулат. Тендердин суммасы 126 млн 582 миң 708 сомду түзүп, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 4-ноябрга чейин.
Пикир
Оставить комментарий