• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кочкордо күйөөсү аялына бычак сайып, андан соң асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Кочкордо күйөөсү аялына бычак сайып, андан соң асынып алган. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-июль күнү саат 06:00 чамасында Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну 1989-жылы туулган Ш.Ж менен жолдошу 1979-жылы туулган Э.Р. үйүнөн өз ара уруша кетип, Э.Р. аялы Ш.Жга бычак сайган.

Натыйжада Ш.Ж. денесинен жаракат алып, Кочкор райондук жалпы дарыгердик практика борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми Э.Рны издеп табуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, ошол эле күнү ал Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчада асынган абалда табылган. Өлүккө сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери жок болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий