• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жаранга бычак саюуга шектелип 24 жана 25 жаштагы эки жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкекте жаранга бычак саюуга шектелип 24 жана 25 жаштагы эки жигит кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда саат 02:40тар чамасында “102” кызматына 7-апрель жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен “бирөөгө бычак сайып жиберди” деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Анда балдар урушуп, бири экинчисинин артына бычак сайып, андан ары качып кеткендигин 31 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран көргөндүгүн кабарлаган.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.У. жана 25 жаштагы Ш.Ы. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий