• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кочкордо карыяны коркутуп видеого тарткан жарандарга карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кочкордо карыяны коркутуп видеого тарткан жарандарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Кочкордо карыяны автоунаага салып алышып, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз, деп коркуткан жарандардын видеосу тараган. Бул факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын өздүгү такталды. Алар Кочкор районунун 1993-жылы туулган Ж.А. жана 1994-жылы туулган М.М. аттуу тургундары экендиги аныкталган.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ошол эле күнү жогорудагы жарандар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Бүгүнкү күндө Кочкор РИИБи тарабынан КР Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий