• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кочкордо мыйзамсыз жеке менчикке берилген лицейдин жери мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен кесиптик лицейдин жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелерине карата текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылындагы Ж.Тойгонбаев атындагы №15 кесиптик лицейине тиешелүү 0,32 га түзгөн 3 млн 100 миң сомго бааланган жер тилкеси прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мамлекеттин эсебине кайтарылды.

Ошондой эле мурунку ээлеринин мыйзамсыз менчик укугу белгиленген тартипте жокко чыгарылган.

Мындан ары, аталган жер тилкеси өзүнүн багыты боюнча пайдаланылат.

Пикир

Оставить комментарий