• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Комузчу Ниязаалы Борош уулунун элесин түбөлүккө калтыруу. Жумушчу топтун жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеште белгилүү комузчу Ниязаалы Борош уулунун чыгармачылыгы менен өмүр жолун иликтөө, элесин түбөлүккө калтыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү.

Парламенттен билдиришкендей, депутат Гүлшаркан Култаева демилге көтөрүп, Социалдык саясат боюнча комитетинин чечими менен жумушчу топ түзүлүп, бир нече пункттан турган тапшырма берилген.

Бугай чейин жумушчу топтун төрт жолу жыйыны өтүп, анда китеп чыгаруу, чыгармаларын сахналаштыруу, документалдык фильм тартуу, күүлөрү боюнча сынак өткөрүү өңдүү маселелер талкууга коюлган. Натыйжада атактуу комузчунун өмүр жолу боюнча бир, күүлөрү боюнча бир китеп жазылып даяр болуп калган. Жылдын аягына чейин басылып чыга турган болгон. Ал эми документалдык фильм тартуу, чыгармаларын сахналаштыруу кийинки жылдарга пландалып жатат.

Жыйында Гүлшаркан Култаева “Маданий мурастарыбызды сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү, эл арасынан чыккан даңазалуу инсандардын чыгармачылыгы менен өмүр жолун элге кеңири жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз болууга тийиш” деди.

Депутат өз демилгеси менен башталган иштин колдоого алынып, ишке ашып жатканына канааттангандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий