• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Конрад Аденауэр фонду Кыргызстан менен мындан ары дагы кызматташууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Конрад Аденауэр атындагы фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси Андре Альгермисен жана фонддун Азия, Тынч океан регионундагы жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча бөлүмдүн референти Макс Дукштайн менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Конрад Аденауэр атындагы фонддун ортосундагы кызматташуу маселелери каралды жана Борбордук Азия регионундагы абал жана актуалдуу эл аралык проблемалар боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Конрад Аденауэр атындагы фонд менен демократиялык жана укуктук мамлекетти чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча 30 жылга жакын ишке ашып келе жаткан жемиштүү кызматташтыгын канааттануу менен белгиледи.

Фонддун өкүлдөрү Кыргызстан менен фонддун кызматташтыгынын алкагында учурдагы кызматташуу жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берди. Ал Конрад Аденауэр атындагы фонддун Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар фонддун колдоосу менен Кыргызстанда ар кандай иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча мындан аркы кызматташууну улантууну макулдашты.

Маалымат үчүн: Германиянын биринчи федералдык канцлеринин ысмы менен аталган Конрад Аденауэр атындагы Фонд Германиядагы Христиан-демократиялык союзга (ХДС) жакын ири саясий фонддордун бири болуп саналат. Борбордук Азияда фонддун 2 өкүлчүлүгү бар: Ташкент шаарында (Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жана Астана шаарында (Казакстан).

Пикир

Оставить комментарий