• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 37 аппараттык комплекс келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кечээ, 18-декабрь күнү Кыргызстанга “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 37 аппараттык комплекс келип түштү, анын ичинде 10 комплекс Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жолчырактарга орнотулмакчы. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматы угулуп жатканда билдирди.

“17 комплекс жогорку ылдамдыктагы трассаларга, ал эми 10 комплекс жол эрежелери көп бузулган участокторго коюлат. Азыр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Ал бекитилгенден кийин, болжол менен келерки жылдын январь айынын башынан тарта аппараттык комплекстер орнотула баштайт”, - дейт Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев.

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору “Акылдуу шаар” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Ал ар кандай себептерден улам 7 жылдан бери ишке ашырылбай келген. Анын 2-этабынын алкагында өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий