• 88.68
  • 95
  • 0.95

Яндекс Go такси кызматы толугу менен ККМге кошулду — Акылбек Жапаров

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда Яндекс Go (Россия) такси кызматы толугу менен ККМге кошулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 20 чет элдик компания каттоодон өтүп, 100 млн сом салык төлөдү.

“IT компаниялар Кыргызстанда жайгашкан эмес, бирок кызмат көрсөткөнү үчүн бизге салык төлөштү. Ал эми Яндекстин таксилери ККМге кошулуп, ар бир таксиге төлөнгөн акчаны онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ага жараша Яндекс салык төлөп турат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий