• 87
  • 90.41
  • 0.84

Апта: Тойго кеткен $2 млрд, "Коопсуз шаар", көк бөрү тай казансыз калабы?

Коом 0

Мезгил ордунда турбайт. Анын сыңары күн сайын жаңы жаңылыктар чыгып турат. Бул апта да жаңылыктарга жык болду: ошол эле Жылуулук электр борбору боюнча маселе, "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши, көк бөрүдөгү казандан баш тарткан жаңы эрежелер...

"Тойго насыя алба"

Улуттук статистика кызматынын расмий маалыматы боюнча кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык каражат чыгымдашат. Ал эми ошол тойго чыгымдалган акчаны насыяга алган жарандар көп. Ачыгын айтуу керек, тойго ашыкча чыгым жасоодон көпчүлүк тажаганы менен андан баш тарта албай келишет. Андан эч ким баш тарта албагандыктан тойлорду да өткөрүүгө туура келет. Арга калбаганда насыя алышат.

Бул маселеге кайдыгер карабаган активисттер Бишкекте 10нан 11-февралга караган түнү "Тойго насыя алба" аталышындагы акция өткөрүштү. Анын максаты мекендештерин той-ашка, үйлөнүү үлпөттөргө насыя албоого үндөө.

Акцияны өткөргөндөр шаардын ар кайсы жерине, банктардын алдына "Тойго насыя алба" деген жазууларды калтырып кетишкен.

"Биз банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Банкка келгендер биздин билдирүүнү көрсүн деген максатта жасадык. Азыр адамдар ишкерлик үчүн эмес, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө насыя алып жатканы бизди тынчсыздандырат. Анан карызга батып, насыяны төлөш үчүн чет өлкөдө иштеп жүрүшөт", - дейт уюштуруучулар.

Ошондой эле активисттер алардын үйлөнүү үлпөткө, той-ашка насыя алган ага-эжелери беш жылдан ашуун убактан бери карызын төлөй албай жатканын айтышкан.

"Коопсуз шаар" ишке кирди

12-февраль күнү көп жылдардан бери жүзөгө ашпай келген "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирди. Бул бирөө үчүн жагымдуу жаңылык болсо, айрымдарды убайымга салды. Анысы ырас. Бир жагынан көчөлөрдө тартип орноп калса, бир жагынан эреже бузган айдоочулардын капчыгы жукармай болду.

Ошентсе да долбоор иштеп баштаган алгачкы күндө эле өзгөрүүлөр байкалды: айдоочулар жол чыракка келгенде стоп-сызыгынан ашпай, жолдон бурулганда ар ким өз тилкесинен бурула баштады. Кыскасын айтканда жол эрежесин сактап жаткан айдоочулардын сүрөттөрү, видеолору социалдык тармактарда чыгарылып, айрымдар "бул көчөдө минтип тартип орноп каларын эч ойлогон эмесмин" деген пикирлерин калтырып жатышат.

Басымдуу көпчүлүк жаңычылдыкка кубанып, анын колдоп жатышат. Бирок айдоочулардын арасында нааразы болгондор да бар.

Ошол эле кезде, кээ бирлер камерага түшүп калбоонун айласын издеп, унаасынын номерине баткак же башка нерселер менен шыбап алып жатышат.

Ал эми, милиция бул жол менен айып пул төлөөдөн кутулуп кетем дегендер кошумча 1 миң сом айып пулга жыгыларын билдирди. Учурда айлакер айдоочулардын ким экендиги такталууда.

Азыркы тапта жол кесилишиндеги камералар жол эреже бузуусунун 7 түрүн каттап жатат.

Ошондой эле көчөлөрдө орнотулган камералардан тышкары жол эреже бузууну каттаган көчмө жабдыктар иштей турганын айтып кетүү керек. Алар көчүп-конуп алып жүргөнгө ылайык болгондуктан, алар жол эрежеси көп бузулган жерлерде колдонот. Ал жабдыктар эки жол эрежесин каттайт: ылдамдыкты ченинин ашыруу жана жолдун карама-каршы тилкесине чыгуу.

Эскерте кетсек, айдоочулар жол эрежесин бузуулар боюнча маалыматтарды мамлекеттик кызматтардын e-gov.kg порталынан көрө алышат. Ал үчүн сайтта "Жол эрежесин бузуу үчүн айыпты текшерүү" бөлүмүнө кирип, ал жерге унаа ээсинин паспортунун идентификациялык номерин, автоунаанын каттоо номерин жазуу керек.

"Издейм сени" кызматы иштейт

"Коопсуз шаар" долбоору ишке кириши менен айдоочулар үчүн бир катар маселе (жол эрежесин сактоодон тышкары) жаралды. Маселен бир убакта унаасын ишеним кагазы менен сатып жиберген же сатып алган жарандар бири-бирин издеп, Мамлекеттик каттоо кызматын кайрылгандар көбөйгөн. Алар - ошол унаасын өзүнө же сатып алган адамга каттатууну каалагандар.

Мындан улам Каттоо кызматы аларды табыштырып, бул маселени чечүү үчүн "Унаа каражатынын ээсин издөө" кызматын ишке киргизген.

Эми унаа ээсин же унааны ишеним кагаз менен алган адамды табуу үчүн жарандар https://portal.srs.kg/ru/service/29c72dcb-9229-44c0-aba3-0bf984e611c7 шилтемеси аркылуу барып, өзүнүн билдирүүсүн калтыра алышат. Билдирүү калтыруу үчүн катталуунун кереги жок.

Бишкек ТЭЦин оңдоодо 111 млн доллар урдалган

Жогорку Кеңеште өкмөттүн, башкы прокуратура жана башка мекемелердин Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу маселе каралып, бир катар кызыктуу билдирүүлөр айтылды.

Маселен Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кытайлык ТВЕА компаниясы менен өлкө үчүн пайдасыз макулдашуу түзүлүшүнө мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков күнөөлүү экенин айтты.

"Ал өз максатын аягына чыгаруу үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан", - деди Жамшитов.

Ошондой эле ал ЖЭБди модернизациялоодо өлкөгө 111 млн. доллар зыян келтирилгенин билдирди.

Ал эми эксперттердин эсептөөлөрү боюнча ЖЭБди модернизациялоого болгону 275 млн. доллар кеткен. Ал учурда ЖЭБди модернизациялоо үчүн 386 млн. доллар насыя алынып, ал үстөгү менен дээрлик 500 млн. долларга барып калат. Башкача айтканда биздин жарандардын моюнуна дээрлик 500 млн. доллар карыз жүктөлгөн. Эми ошол акчаны кайтаруу маселеси келип чыгат.

Мындан улам башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аны төлөө үчүн электр энергиясынын наркын көтөрүү керек болорун айтып чыкты.

Ал нерсе айрым депутаттардын нааразычылыгын жаратты. Бирок вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөт электр энергиясына бааны көтөрүүнү караштырбаганын билдирди.

Көк бөрүнү "тартып" кетиштиби?

Спорт оюндарынын арасынан биз көк бөрү оюну менен сыймыктанып келебиз. Көк бөрү мелдештери өткөндө жашы-карысына карабай ат майдайында эл жыйыла толуп, оюнду тамшана көрүшөт. Бул аптада ошол көк бөрүнү ойноо эрежелерин караган кеңеш Астана шаарында болуп өттү.

14-февралда Астанада Дүйнөлүк "Көкпар" федерациясынын кеңеши өтүп, анда жаңы эрежелер кабыл алынды. Ага ылайык, тай казандын ордуна тегерек, ал эми улак анын жасалма үлгүсүнө алмаштырылмай болду.

Ушул жылдын январь айында федерациянын Ташкентте өткөн жыйынында бул маселе каралып, бир чечимге келишмек. Тилекке каршы, бул суроо так чечилбей Астанада каралмакчы болгон. Эми минтип жаңы эрежелер кабыл алынып, тай казан алынмай болду.

Тай казандарды диаметри 3 метр тегеректерге алмаштыруунун башкы себеби катары оюнда улакчылар менен алардын аргымактары тай казандарга урунуп, катуу жаракат алып жатканы айтылган. Бул жүйөөнү карманган Казакстан тарап утуштуу болду.

Ошондой эле жаңы эрежелер боюнча оюн талаасынын узундугу 220 метр, ал эми туурасы 75 метр болору каралган. Ал эми муляждын салмагы 33-35 килограмм болот. Оюн эки бөлүктөн туруп, жыйырма мүнөттөн ойнолот. Ортосундагы тыныгуу 10 мүнөткө созулат. Ал эми ар бир командада 12 улакчыдан болот.

Бул маселеде биздин улакчылар да сыртта турбай социалдык тармактарда КРнын Көк бөрү федерациясынын жетекчилигине нааразы болуп, өз кызматтарын тапшырып кетүүгө чакырышууда. Алар жаңы эрежелер менен оюндар кунарсыз болуп калат деген пикирде.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйын өткөрүп, былтыр Көкбөрү оюну толук кандуу эрежеси менен Кыргыстандын атынан ЮНЕСКОго киргизилген. Аны эч кандай эл аралык федерация, топтор дагы буза албайт. Ошондуктан эч кандай коркунуч болбойт, - деп билдирди.

Ал эми Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Кыргызстандын Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык болуп таанылганын эске салды.

Пикир

Оставить комментарий