• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“Коопсуз шаар”: Жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө жалпы 2,5 млн токтом чыгарылган

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борбору тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө жалпы 2 млн 513 миң 618 токтом чыгарылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” компонентинин “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу жол-транспорттук кырсыктардын санын азайтууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого, жол инфраструктурасын модернизациялоого, ошондой эле тиешелүү чараларды көрүү үчүн учурдагы абал жөнүндө статистикалык маалыматтарды топтоого жана талдоого багытталган.

Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузууларды эсепке алуу үчүн 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулган. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борбору тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө 2 млн 513 миң 618 токтом чыгарылган, анын ичинен 1 млн 675 миң 889 бузуулар жөнүндө токтомуна 1 миллиард 850 миллион 523 миң 915 сом төлөнгөн.

Мониторинг борбору Бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын аткаруу үчүн туумдарды чегерүү боюнча 74 миң 998 токтомду Жогорку соттун алдындагы Сот департаментине жалпы суммасы 236 млн 758 миң сомду мажбурлап аткаруу үчүн жөнөткөн.

2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 22-июлуна чейин консультативдик-түшүндүрмө мүнөздөгү суроолор менен кайрылган 296 миң 231 жаран менен иш жүргүзүлүп, анын ичинен бөлүмгө 100 миң 905 жаран кайрылышкан. Чалуу борборуна (100 кыска номери) 176 миң 856 жаран кайрылган, онлайн режиминде WhatsApp (0706 63 09 00) номери аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү маселелер боюнча 18 миң 470 SMS билдирүүлөр келип түшкөн, тактап айтканда, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоодон өткөрүү, ошондой эле чет өлкөлүк автомототранспорттук каражаттар боюнча 37 миң 914 жаран кайрылган.

Отчеттук мезгилде Бузуулар жөнүндө иштер боюнча комиссиясынын кароосуна 8547 бузуулар жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Комиссиянын 132 отуруму болуп, анда 8519 жол кыймылынын эрежесин бузуу иши каралып, анын ичинен жол кыймылынын эрежелерин бузуу иши боюнча 2116 токтом кабыл алынып, күчүндө калтырылса, ал эми негиздүүлүгү боюнча 6403 бузуулар токтотулган. Учурда өндүрүштө 28 иш бар.

Жалпысынан, отчеттук мезгилде сотко 227 жол эрежесин бузуу иши келип түшкөн, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол эрежесин бузуу боюнча 225 иш соттордо каралган.

Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталды. Ал республиканын бардык аймагын камтыйт: 7 облус, 2 республикалык маанидеги шаар, 15 облустук жана райондук маанидеги шаар, 73 калктуу конуш. Долбоордун экинчи этабынын алкагында 306 пунктту (266 стационардык жана 40 көчмө) аппараттык-программалык комплекстер менен камтуу мерчемделүүдө.

Долбоор Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында башталган. 2019-жылы “Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытайлык ишкана жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий