• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу дагы үч көчө жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Жолдорду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы үч көчөнү жабат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кой-Таш чолок көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки бөлүгү, Республика көчөсү Фучиктен Рижскаяга чейин жана Месарош көчөсү Месарош көчөсүнөн Небережный көчөсүнө чейин жабылат.

"Республика көчөсүндө эски асфальтты алуу иштери башталды. Оңдолуп жаткан бөлүктүн узундугу 1274 погон метрди түзүп, тротуар жана ирригация курулат. Ал эми Кой-Таш тилкесинде жол катмары оңдолуп, тротуарды бир жагына жайгаштырылат, сугат тармагын куруп, жол жана тротуардын бордюрларын, люктар орнотулат. Ошондой эле Месарош көчөсүндө бир тараптан тротуар уюштурулуп, ирригациялык тармак, люктар орнотулат. Учурда жол катмарын алуу жана даярдоо иштери башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий