• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Караңгылатуу" деп аталган рейд бүгүн, 28-февралда башталып, 10-мартка чейин уланат. Анын жүрүшүндө автоунаасынын маңдайкы жана каптал терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдууларды колдонгондор аныкталат.

ЖКККББ аныкталган укук бузууларды фото-видеого жаздыруу менен массалык маалымат каражаттары аркылуу профилактика иретинде чагылдырат.

Пикир

Оставить комментарий