• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

"Коопсуз шаардын" экинчи этабында өлкө боюнча 314 көзөмөл камералары орнотулат

Коом 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.

Анын айтуусунда, учурда долбоордун экинчи баскычын ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычында Кыргызстандын жети облусу, облустук жана райондук маанидеги шаарлар камтылат. Андан тышкары, камераларды стратегиялык маанидеги унаа жолдордо орнотулат, – деп кошумчалады Аматов.

Чиновниктин пикиринде, 2019-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык аймагында "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштайт.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тартып Бишкекте иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Бул долбоорду россиялык "Вега" концерни ишке ашырууда.

Буга чейин өкмөт долбоор ишке аша баштагандан бери жол эрежелери бузуу 37,5% азайганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий