• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кореянын Эксимбанкы Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр

Экономика 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Эксимбанктын башкы аткаруучу директору Хван Киёнг жана Корея экономикалык өнүктүрүү кызматташтык фондунун EDCF башчысы Ом Сон Ёнг менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо багытында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Айрыкча, оорукана, аэропортторду куруу жана модернизациялоо, жол-транспорт техникасы жана жабдууларды сатып алуу, ошондой эле энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Эксимбанктын өкүлдөрү Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти, бул эки өлкөнүн экономикалык жана социалдык байланыштарын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын эчиси Аида Исмаилова Эксимбанк менен туруктуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономикалык өсүш үчүн шарттарды камсыздоого жардам берерин айтты.

Тараптар диалогду улантуу жана белгиленген демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий