• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кореянын телекоммуникациялык компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Korea Telecom Corporation" (Корея Республикасы) телекоммуникациялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкө башчысы ачык, айкын жана адилет бийликти курууга кызыкдар. Бул максатка жетүү үчүн маанилүү кадамдардын бири санариптик өкмөттү түзүү болуп саналат. 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана санариптик трансформация артыкчылыктуу багыттар болуп саналат”- деди Акылбек Жапаров. Ал Кыргызстандын санариптик өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу демилгесин колдогондугу үчүн компанияга ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы ири байланыш операторлорун жана банкты башкаруу функциялары санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилгенин, ошондой эле аларды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча масштабдуу тапшырмалар коюлганын белгиледи. Ал мындан ары телекоммуникациялык компания менен кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү аркылуу экономика жана каржы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармактарына алдыңкы тажрыйбаны киргизүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын санариптик трансформациясынын Улуттук стратегиясын иштеп чыгуудагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары сунушталды.

"KT Corporation" компаниясынын президенти Юн Кёнг Лим мындан ары жемиштүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

“KT Corporation” – медиа, интернет-банкинг, кыймылсыз мүлк, финансы жана энергетика сыяктуу бизнес чөйрөлөрүн жана башка тармактарды бириктирген көп тармактуу инвестициялык холдинг (45 туунду компания бар).

Компания уюлдук (22,3 миллион абонент) жана стационардык байланыш (13,4 миллион абонент), жогорку ылдамдыктагы интернет

(9,2 миллион абонент), акы төлөнүүчү телеканал (10,7 миллион абонент) кызматтарын көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий