• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Исаков жана Дворкович эки тараптык кызматташуунун актуалдуу темаларын талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Россия Федерациясынын Өкмөт төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу темалары жана келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы Россия менен стратегиялык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналаарын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык санариптик күн тартиптин актуалдуу маселелерин, санариптик трансформация боюнча Кыргызстандын пландары, салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын ички рыногуна ачык түстүү мунай продуктуларын алып кирүү боюнча актуалдуу суроолорду талкуулашты.

Премьер-министр Россиянын фискалдык органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы кыргыз тараптын кызыгуусун жаратып жаткандыгын, анын жыйынтыгы менен федералдык бюджетке салык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.

«Аталган багыт боюнча тажрыйба алмашуу биз үчүн абдан пайдалуу болмок. Биз салык кызматынын ишмердүүлүгүнө кардиналдуу реформаларды жүргүзүүнү жана көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу жана өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатабыз», – деди Сапар Исаков.

Аркадий Дворкович Россия Федерациясынын Өкмөтү өз тарабынан болгон тийиштүү колдоону көрсөтүүгө жана бул маселе боюнча эксперттик жумушчу таптордун деңгээлинде өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары тараптар жолугушуунун жүрүшүндө 2018-жылдын биринчи жарымында өтүүчү Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү маселесин кенен талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий