• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Коргоо министрлигинде коррупциянын алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Бүгүн Коргоо министрлигинде Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара министрликтин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Абдыжапаровдун демилгеси менен өттү.

Иш-чарага коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев, Улуттук коопсуздук мамлекетик комитетинин, Аскер прокуратурасынын, КР президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин, ошондой эле Коргоо министрлигинин, Башкы штабдын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын жетекчилик курамы жана аскер комиссарлары катышышты.

Ошондой эле иш-чара республиканын аскердик коопсуздугунун түштүк жана түндүк аймактарына видео-конференциялар аркылуу көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий