Жогорку соттун төрагасы Базарбеков Сауд Аравия элчисин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер көп жылдардан бери туруктуу болуп, ар түрдүү багытта өнүгүп жатканын белгиледи.

"Учурда сот тармагында да эки тараптуу кызматташтыкты орнотуу пландалууда. Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Сауд Арабия Падышачылыгынын Юстиция министрлигинин ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн жакшы пайдубал түзө турган жана эки мамлекеттин сот тутумун өнүктүрүүгө кызмат кыла турган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга ниеттенүүдөбүз", - деди Жогорку соттун төрагасы.

Өз кезегинде, Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради Кыргызстандын Жогорку сотунун жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан кадамдар эки өлкөнүн достук мамилелерин чыңдоого өзүнүн жакшы салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков жана аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров катышты.

Белгилүү болгондой, өткөн жылы Кыргызстан менен Сауд Аравия Падышачылыгы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкен. Сауд Аравиясы Кыргызстандын эгемендигин жана көз карандысыздыгын тааныган алгачкы араб өлкөлөрүнүн бири болгон.

Пикир

Оставить комментарий