• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министрлиги: Алты айда мигранттарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди

Коом 0

Бишкек, 23.07.23./Кабар/. Алты ай ичинде Россиядагы мигранттарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө россиялык иш берүүчүлөр тарабынан Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына төлөнбөгөн эмгек акылар боюнча 245 кайрылуу түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында (иш сапарлары, сүйлөшүүлөрү, РФнын прокуратурасына жана укук коргоо органдарына кайрылуулар) 193 кыргызстандык эмгек акысын ала алышкан.

Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 14 млн 14 миң 800 рублди түздү.

Пикир

Оставить комментарий