Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Коронавирустан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 8 кызматкери каза тапкан. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов брифингде билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлерди жеке коргоочу каражаттар менен камсыздап, бардык санитардык талаптардын аткарылышына карабай 2020-жылдын 14-июнунда илдеттен каза болгон алгачкы учур катталган.
"ӨКМдин 354 кызматкери ооруга кабылган. Анын 191и коронавирус жуктуруп алса, 163ү пневмония менен ооруган. Учурда 344 кызматкер сакайып чыкты", - дейт ал.
Пикир
Оставить комментарий