• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Үрүмчүдөн Кыргызстанга келген 40 студент карантинден кийин үйүнө чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-февраль күнү Кытайдын Үрүмчү шаарынан Кыргызстанга келген 40 студент 14 күндүк карантинден кийин үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, алардын абалы канааттандырарлык.

"Алардын баары "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайында тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин карантинге алынган. Карантин маалында алардан эки ирет анализ алынып, анын жыйынтыктары терс болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 40 студент Казакстандын көмөгү менен Үрүмчүдөн Алматыга алынып келип, андан кийин атайын автобустар менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкекке 13-февралда келишкен.

Пикир

Оставить комментарий