• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Коронавирустан улам апрелге чейин опера жана балет театрында спектаклдар көрсөтүлбөйт

Маданият 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 10-марттан 31-мартка чейин спектаклдерди көрсөтүү токтотулат. Бул тууралуу Опера жана балет театрынан билдиришти.

Мындай чечим Маданият министрлигинин 2020-жылдын 4-март айындагы "Маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнү убактылуу токтотуу тууралуу" буйругуна ылайык кабыл алынган.

Сатып алган билеттерди театрдын кассасына өткөрсө же апрель-май айларында көрсөтүлө турган спектаклдерге колдонууга болот.

"Билетти кайтарууну каалаган көрүүчү театрдын кассасына келиши керек жана анын жанында билети жана өздүгүн күбөлөндүргөн документ болушу шарт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, коронавирустун келишин алдын алуу боюнча республикалык штаб бардык аймактарга эл чогулган ири иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий