• 87
  • 90.41
  • 0.84

Коронавирусту жуктургандар тууралуу маалыматты жарыялоого мыйзам жол бербейт – Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Коронавирусту жуктургандар тууралуу маалыматты жарыялоого мыйзам жол бербейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалымат жыйында ага "коронавирус жуктургандардын даректери, жашаган райондору эмнеге айтылбайт" деген суроо узатылды.

"Дарыгерлердин сыры деген болот. Анын негизинде алардын даректерин, бейтаптардын аты-жөнүн айтууга болбойт экен. Бирок алардын ар биринин даректеринин тизмеси бар. Алар тууралуу маалыматты жалпыга жарыялоо этикалык жактан да туура болбойт. Мыйзам да ага жол бербейт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270ке жетет. Алардын ичинен 35 адам коронавирустан айыккан – анын ичинен бүгүн 10 адам ооруканадан чыгарылат. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий