• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстанда коронавируска каршы 192 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн үчүнчү күнүндө 192 адам вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, вакцина алгандардын баары медкызматкерлер.

Кытайдан келген SinoPharm вакцинасын алуунун биринчи этабында 75 миң адам эмделет.

Эскерте кетсек, SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алган.

Пикир

Оставить комментарий