• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таксисттер, курьерлер жана айдоочулар коронавирусту биринчи жайылтуучулар болуп саналат

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Таксисттер, курьерлер жана айдоочулар коронавирустук инфекциянын биринчи жайылтуучулары болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, оорунун жайылуусунун себеби – карантиндин эрежелерин сактабагандык. “Дүйнөдө таксисттер, курьерлер жана айдоочулар коронавирустук инфекциянын биринчи жайылтуучулары болуп саналат. Бизде дагы ушундай болушу мүмкүн. Ошондук бардык жарандарды обочолонуу эрежесин так сактоого чакырат элем, чыдап үйдөн чыкпай отуруп туруңуздар. Эгер биз баарыбыз карантиндин талаптарын сактасак, оору өтүп кетет. Президент башында турган бардык органдар коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүүнүн үстүндө иштеп жатат”, - деди Боронов.

Ал билдиргендей, 8-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган 270 учур катталды. Аларды көбү обсервацияда жаткандардын арасынан аныкталды.

“Белгилей кетсек, дүйнөдө бир апта мурда коронавирус жуктургандардын саны 0,5 млн адамды түзсө, ал эми азыр ал сан 1 миллиондон ашты. Бир жуманын ичинде илдеттен көз жумгандардын саны үч эсе өстү. Бул, жарандар аягына чейин кырдаалдын олутуулугун түшүнбөй жатат дегендик. Бардыгы, мага оору жукпайт, мен оорубайм деп ойлоп жатышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий