• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Боронов коронавирустан улам парламенттик шайлоо жылдырылбайт деген үмүттө

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөштө Республикалык штаб тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Журналисттер өлкөдө болуп жаткан акыркы кырдаалга байланыштуу парламенттик шайлоону өткөрүүнүн мөөнөтү жылдырышы мүмкүнбү же жокпу деген суроо узатышты.

«Андай болбойт деп үмүт кылабыз», - деди Кубатбек Боронов.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо үстүбүздөгү жылдын күз айларында өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270ке жетет. Илдетти жуктуруп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий