• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

COVID-19 илдетинен дагы төрт кыргызстандык кайтыш болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы төрт киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу онлайн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1, Талас облусунда - 1, жана Нарын облусунда бир адам коронавирустан кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 451 киши каза болду.

Кыргызстанда 7-августка карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 503 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 39 миң 162ни түзөт. Алардын ичинен 30 миң 764 киши айыгып чыкты, 1 миң 451 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий